Пакистанда селден миңден ашуун адам каза болду

Пакистанда селден миңден ашуун адам каза болуп, 30 миллиондой киши үй-жайсыз калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгынын маалыматына караганда, 14-июндан бери маал-маалы менен нөшөрлөгөн жаан жаап, сел жүрүп жатат. Анын кесепетинен 1 033 адам каза болуп, 1,5 миңден ашык адам жаракат алган. Ал эми акыркы 24 саатта 119 көз жумуп, 71 адам жарбыркады.

Аталган өлкөдө селден улам өзгөчө абал режими да киргизилип, үй-жайсыз калгандар чатырларда баш калкалоодо. Баш-аягы селдин кесепетинен 3 миң чакырымдан ашуун жол, 149 көпүрө, 950 миңге жакын үй зыян тартып, 700 миңден ашуун мал өлгөн.

62935638 605 Пакистанда селден миңден ашуун адам каза болду