“Тазалык” муниципалдык ишканасына жумушчулар керек

Бишкек мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасына жумушчулар керек. Муниципалитеттен билдиришкендей, 20 жаштан 50 жашка чейин эркек адамдар талап кылынууда.

«Эмгек акысы 20 миң сомдон жогору. Иш убактысы дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин. Жумуш сааттары сүйлөшүү учурунда белгиленет. Кененирээк маалымат алуу үчүн: +996 555 88 99 80 номери аркылуу кайрылууга болот”, — деп айтылат маалыматта.