“Камдап алыңыз!”: Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт

Эртең, 23-августта саат 10:00дөн саат 21:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу берүү Анкара көчөсү менен Виноградная көчөсүнүн кесилишиндеги диаметри 200 мм бекиткич-жөнгө салуучу арматураны орнотууга байланыштуу убактылуу токтотулат.

Ичүүчү суу өчүрүлө турган район: Кара-Жыгач турак жай конушу, Валиханов көчөсү, 1 дарегиндеги жатакана, Анкара көчөсүндөгү «Ихлас» курулуш компаниясынын жаңы үйлөрү, №93 кесиптик лицейи.

Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү сууну белендеп алууну суранат.