Ошто 3-кабатта эшиги жабылып жалгыз калган 8 жашар бала куткарылды

Ошто куткаруучулар бекилип калган эшикти ачып беришти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Анар кичи районунда жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин ичинде 8 жашар бала эшиги жабылып жалгыз калган тууралуу маалымат түшкөн. Жерине тартылган куткаруучулар 3-кабаттын айнегинен кирип, эшикти ичинен ачып беришкен. Бала жабыркаган эмес.

Куткаруучулар баланын ата-энеси менен профилактикалык маек куруп, баланы кароосуз калтырбоого чакырышты.