N14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөрдү

Бишкекте N14-троллейбустун каттамы убактылуу өзгөргөнүн мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, Киркомстром аймагындагы акыркы аялдаманы оңдоого байланыштуу троллейбус каттамын убактылуу өзгөрттү.

Ал 15-августтан 20-августка чейин Бейшеналиева, Москва, Фучик көчөлөрү менен өтөт.