«Кипиш» түнкү клубунун алдында бийчи Жан Воинов асманга ок атканы айтылууда

13-августта Бишкектеги «Кипиш» түнкү клубунун алдында жаш жигит асманга ок аткан. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Окуя 12-августтан 13-августка караган түнү болгон. Анда жаш жигит асманга ок аткан. Айрым ММКлар ал жигит бийчи Жан Воинов экенин жазышууда.

Биринчи май райондук милициясы бул окуя каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилерин билдиришти.