Опузалап пара алуу фактысы боюнча Сузакта айыл өкмөт башчысы кармалды

Опузалап пара алуу фактысы жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-августунда Сузак районунун прокуратурасына И.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын май жана июнь айларында Багыш айыл өкмөтү тарабынан билим берүү мекемесинин ажатканасын куруу жана айыл өкмөттүн чатырын оңдоо үчүн өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулардын жыйынтыгы менен жеңүүчү деп табылганын, бирок айыл өкмөттүн кызмат адамдары кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, арыз ээсине которулган акча каражаттарын опузалап алып койгондугун билдирген.

Бул факты боюнча Сузак районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.

«Козголгон кылмыш иштин алкагында, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.