Ислам шериктештиги оюндарында Алмаз Сманбеков күмүш байгени алды

Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Алмаз Сманбеков күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спортчу 57 кг салмак даражада беттешти.

Алмаз Сманбеков финалдык беттеште, өзбекстандык балбан менен күч сынашып, жарым финалда алган жаракатынан улам беттешти уланта алган жок. Спортчу 1/8 финалда азербайжандык, чейрек финалда сенегалдык жана жарым финалда тажикистандык балбанды жеңген.

Бул Ислам оюндарындагы Кыргызстандын алгачкы медалы.