«Ак илбирс» кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды

«Ак илбирс» кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды. Бул жылы кино сыйлык X ирет тапшырылат.

Сыйлыкка 2020-2021-жылы тартылган бардык тасмалар ат салыша алат. Арыздар 30-августка чейин кабыл алынат.

Кино сыйлык 18 номинация боюнча берилет:

  1. «Мыкты тасма»;
  2. «Мыкты режиссёр»;
  3. «Мыкты сценарий»;
  4. «Мыкты оператор»;
  5. «Мыкты сүрөтчү»;
  6. «Мыкты композитор»;
  7. «Мыкты үн режиссёру»;
  8. «Мыкты монтаж»;
  9. «Эркектин мыкты ролу»;
  10. «Аялдын мыкты ролу»;
  11. «Мыкты даректүү тасма»;
  12. «Мыкты кыска метраждуу тасма»;
  13. «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;
  14. «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
  15. «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;
  16. «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;
  17. «Борбор Азиянын мыкты актёру»;
  18. «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».

Арыздын формасын бул шилтеме аркылуу көчүрүп алууга болот:

https://docs.google.com/…/1BShcoLZoPOJDzyd8uYvD…/edit…

Арыздары akilbirsnma@gmail.com дарегине жөнөтүү зарыл

Координатор – Саадат Казакбаева, +996(706) 190 201