
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын көтөрүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документке ылайык, пенсияны орточо 2 миң сомго көтөрүү пландалууда. Маселен Кыргызстанда 1-июлга карата орточо пенсия 6 миң 174 сомду түзгөн болсо, 1-октябрдан кийин 8 миң 80 сомду түзүп калат.
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 15%га жана базалык бөлүгү 3 мин 170 сомго чейин көтөрүлөт.
Пенсияны көтөрүү үчүн 1 млрд 341,3 млн сом керектелет.
Белгилей кетсек, 1-октябрга карата Кыргызстанда пенсионерлердин 735,7 миңге жетери болжолдонууда.