Низовсккий системалуу негизде пара алып, окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылып турган, – УКМК

Бишкек шаарындагы №61 мектептин директору Юрий Низовский коррупцияга шек саналып кармалганын УКМК 9-августта билдирди.

Маалыматка караганда, Низовский уюштурган коррупциялык схема ата-энелерден мыйзамсыз акчалай сыйлык алууга мүмкүндүк берген.

“Балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жана биринчи класска киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн каражат алган фактылар аныкталды. Ошентип, Х.Ю.Н. системалуу негизде пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылып турган”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК мектеп директорунун кеңсесин, жашаган жерин тинткенде ири суммады чет элдик валюта, мүлктүн документтери табылганы билдирген. Низовский УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

№61 мектеп-лицейи физика жана математикага басым жасап билим берет. Баш калаадагы мыкты деген мектептердин бири.

Дээрлик 30 жылдан бери директор болуп иштеп келе жаткан Юрий Низовский 1955-жылы 2-апрелде Орусиянын Грозный облусунун Комсомольское айылында туулган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. 1993-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү: 

  • 1977-1979-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1979-1986-жылдары №18 мектепте дене тарбия мугалими;
  • 1986-1988-жылдары — №1 мектеп-интернатынын директорунун орун басары;
  • 1988-1993-жылдары №19 мектептин директору;
  • 1992-2022-жылдары №61 мектеп-лицейинин директору;

Үй-бүлөсү:

Низовскийдин жубайы Ирина Низовский Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин окутуучусу. Алардын эки уулу бар.

Кошумча маалымат:

Юрий Низовский Фрунзе шаардык кеңешинин 21-чакырылышынын депутаты, Бишкек шаардык кеңешинин 23-чакырылышынын депутаты болгон. Низовский Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими. Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин Ардак грамотасы, Кыргызстандын Ардак грамотасы менен сыйланган. 2021-жылдын август айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен «Даңк» медалы менен сыйланган.

Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылынын башталышына карата 966 мектепте директорлор алмашышы керек, анткени алар 5 жылдан ашык иштеген. Алар жаңы жетекчилер дайындалганга чейин өз милдеттерин аткара беришет.

№61 мектептин директору Юрий Низовский бул сынакка катышуудан баш тарткан.