Юрий Низовскийге коррупция боюнча айып тагылды

Юрий Низовский менен анын жакындарынын мүлкү 150 миллион сомго бааланганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Бүгүн 61-физика-математика мектебинин директору Юрий Низовский кармалды. Ага коррупция боюнча айып тагылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык:

 Низовский уюштурган туруктуу коррупциялык схемсы ата-энелерден мыйзамсыз акчалай сыйлык алууга мүмкүндүк берген,

балдарды 1-класска жана бала бакчага киргизүүгө жардам көрсөтүү үчүн акчаны кайра-кайра алуу фактылары аныкталды.

Мүлктөрүн жашыруу максатында өзүнүн жакындарына жана ишенимдүү адамдарга мыйзамсыз мүлкүн берген.

Анын жана жакын туугандарынын менчигинде болжолдуу баасы 150 миллион сомдук 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр (жер тилкелер, коттедждер, дүкөндөр, автоунаалар, үйлөр жана батирлер) бар экени аныкталган.

 Тинтүү иштери кеңседе, батирде жана дачада жүргүзүлгөн. Ири чет элдик валюта, ошондой эле жогоруда аталган мүлккө тиешелүү документтер табылган.