Амантур Манапбаевдин “Кыргызстан Орусияга биригиши керек” деген сөзү кызуу талкууда

Социалдык тармактарда жарандык активист Амантур Манапбаевдин Кыргызстан Орусияга биригиши керек деген пикири талкууга алынууда.

Анын пикиринде бүгүнкү күндөгү кыйынчылыктарды эффективдүү жеңүү үчүн биригүү керек.

Амантур Манапбаев социалдык тармакка жарыялаган видеосунда “Биз жаңы дүйнөлүк өнүгүү борборлорунун айланасына биригишибиз керек, менин оюмча, бул – Россия”, — деп билдирген.

Манапбаев Кыргызстан коммунисттер партиясынын мүчөсү болуп саналат. Ал Россия Федерациясынын жогорку партиялык мектебинде билим алган.