Кийимдери Чу суусунун жээгинен табылган: Аламүдүн районунда дайынсыз болгон малчы изделүүдө

Аламүдүн районунда дайынсыз болгон малчы изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Октябрская айылы менен Лубиная айылынын ортосуна 6-август күнү У.С. аттуу жаран (малчы) мал кайтарууга чыгып кетип кайтып келген эмес. Жогоруда аталган жарандын кийимдери Чу суусунун жээгинен табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, издөө иштери токтотулган.