18 жаштагы Ширин Алайчиева Польшада өткөн «Miss Supranational 2022» сулуулар сынагына катышты

0
159

Кыргызстандык 18 жаштагы Ширин Алайчиева Польшада өткөн «Miss Supranational 2022» сулуулар сынагына катышты.

Сынак 16-июлда жыйынтыкталып, анда Түштүк Африкадан келген катышуучу Lalela Mswane жеңүүчү аталды. Алайчиева сынактын алдыңкы 30 орундукка кире алган жок.

Буга чейин Ширин Алайчиева сулуулар сынагында өзүн тааныштырган видеосун жарыялаган болчу.

Ширин Алайчиева Бишкекте туулуп-өскөн. Мектепти аяктаган соң түштүк борборго көчүп барып, Ош мамлекеттик университетине тапшырган. Учурда медициналык факультетте билим алууда.

2021-жылдын ноябрь айында «Кыргызстан сулуусу» сынагында вице-мисс титулун жеңип алган.