Максат ажы Токтомушев ажылык сапарга бара турган жарандардын акчасын кайтарды

Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев ажылык сапарга бара турган жарандардын колдонулуп кетти делген акчаларын толук кайтарып берди. Бул тууралуу  муфтияттан билдиришти.

Муфтияттын басма сөз кызматы Максат Токтомушев каражат толук кайтарылганын айтып, бирок кайтарылган сумманы атаган жок.

«Мурдагы муфтий Максат ажы Токтомушев бардык каражаттарды толук кайтарып берди», — деди ал.

Эскерте кетсек, Максат ажы Токтомушев 2020-жылдын 10-февралында УКМК тарабынан кармалган. УКМК ал ажыга бар турган адамдар төккөн каражаттарды колдонууга байланышкан каржы мыйзам бузууга шектелип кармалганын билдирген. 12-февралда ал үй камагына чыккан.