Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу эки тараптуу жабылды

Кемин районунда саат 11:00дөр чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык. Жерине куткаруучулар жана техника тартылган. Кошумча маалымат берилет.