Жарым жыл ичинде мыйзамсыз курулган 123 курулуш табылды

Жарым жыл ичинде мыйзамсыз курулган 123 курулуш табылды. Бул боюнча маалымат жыйында Архитектура жана курулуш агенттигинин директору Нуртазин Джетыбаев билдирди.

Анын айтымында, 3 миң 327 текшерүү жүргүзүлгөн.

Жарым жылда 318 лицензия берилди.

Белгилей кетсек, буга чейин 78 мыйзамсыз курулуш боюнча маалымдалган.

Бишкек мэриясынын маалыматында, 76 көп кабаттуу үй ижарага алынган жерге курулган.