«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору убактылуу жабылат

0
44

«Жалал-Абад» жана «Баткен» аэропорттору оңдоо иштерине байланыштуу 1-августтан тарта жабылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин 2022-жылдын 1-ноябрында аяктоо пландалууда.

Капиталдык оңдоо иштери аэродромдордун төшөлмөлөрүнүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, «Баткен», «Жалал-Абад» аэродромдорунда капиталдык оңдоо иштери бул убакытка чейин жүргүзүлгөн эмес.

«Манас» ачык акционердик коому кардарларларынан кечирим сурайт жана түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.