29-31-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Буга байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
Ысык-Көл облусунун дарыяларындагы сел дарыялардын нугуна жанаша жайгашкан аймактардын жээктерин жана жайылма участокторун жууп кетиши мүмкүн.