Бишкекте темир жолго уктап калган кишини куткарган инспекторлор сыйланды

Бишкекте темир жолго уктап калган кишини куткарган инспекторлор сыйланды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты башкармалыктын атынан Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын начальниги Алмазбек Исаков тапшырып, мындай жакшы көрүнүш кыргыз милициясынын кадыр-баркынын өсүшүнө жакшы өбөлгө болуп, жаш кызматкерлерге үлгү болорун белгилеп, мындан ары да кызматтык ийгиликтерге жетишине тилектеш экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, 24-июлда патрулдук милиция темир жолго уктап калган кишини куткарып калган.