Молдомуса Конгантиевдин уулу Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалды

Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына Конгантиев Автандил Молдомусаевич дайындалды.

Бажы кызматынын маалымат кызматынан билдиришкендей, тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Финансы министри Алмаз Бакетаев бүгүн Конгантиевди жалпы жамаатына тааныштырган.