Коррупцияга шектелип “Кыргызкурорттуризмдин” жетекчисинин орун басары кармалды

Коррупция фактысы боюнча Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган федерацияга караштуу “Кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын башчысынын орун басары «А.М.Д.», 2012-жылдан 2021-жылдар аралыгында Кыргызстан профсоюздарынын Жалал-Абад санаторийинин директору кызматында иштеп жаткан учурунда, мекемеден мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алып чыгуу жана жеке баюу боюнча кылмыштуу схеманы уюштургандыгы аныкталгын.

Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында аталган жаран көрсөтүлгөн убакытта Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Азыркы учурда «А.М.Д.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.