Кыргызстанда бир күндө үч жер силкинүү катталды

27-июлда Кыргызстандын аймагында үч жолу жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка караганда, таңкы 06:41де Ош облусунда күчү очогунда 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кара-Суу районунун Лангар айылында силкинүүнүн күчү 2 балл болуп сезилди.

Саат 15:52де жер титирөө Жалал-Абад облусунда катталып, очогунда силкинүүнүн күчү 4,5 баллды түзгөн. Жердин титиреши Айсы районунун бир катар айылдарында, ошондой эле Кербен жана Таш-Көмүр шаарларында да сезилди.

Кечинде саат 20:54тө Нарын облусунда күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Кочкор районунун айрым айылдарында силкинүүнүн күчү 2,5 балл болуп сезилди.

Такталган маалыматтар боюнча бул жер силкинүүлөрдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.