Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагышып, жети адам жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолунун 158-чакырымында Volkswagen үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу унаа менен Hyundai унаасынын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен жети адам ар кандай жаракат алышкан. Бишкек-Ош унаа жолунун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулар тартылып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.