Азербайжан кийинки консультативдик жолугушууга ардактуу конок катары катышууга кызыкдар

Азербайжан өлкөсү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушууга ардактуу конок катары катышууга кызыкдар экенин билдирди. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарындагы консультативдик жолугушууда Кыргызстандын президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Азербайжан төртүнчү жолугушууга да катышууга каалоосун билдирген.

“Бирок, алдын ала кеңешүүчүлөр, азырынча консенсус жок экенин көрсөттү. Буга байланыштуу каршылык болбосо, тышкы иштер министрлерге маселени иштеп чыгып, дипломатиялык каналдар аркылуу маалымат берүүнү тапшырууну сунуштайм”, – деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусу Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун төрагалыгында өтөт.