Нарында аялына бычак менен кол салган кишинин жансыз денеси бакчадан табылган

Кочкордо жолдошу аялына бычак менен кол салган. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

17-июль күнү саат 06:00 чамасында Кочкор районунун Кочкор айылынын 1989-жылы туулган тургуну 1979-жылы туулган жолдошу менен уруша кетип, күйөөсү аялына ашкана бычагы менен кол салган. Кесепетинен келин денесинен жаракат алып, Кочкор райондук жалпы дарыгердик практика борборунун жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми күйөөсүн издеп табуу максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, ошол эле күнү анын жансыз денеси Кочкор районунун Токой чарбасына тиешелүү бакчадан асынган абалда табылган. Жансыз денеге сыртынан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилер болгон эмес. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.