«Түндүк электр» дебитордук карызы бар 9 миң абонентти аралыктан өчүрөт

19-июлдан тартып «Түндүкэлектр» ААКсы дебитордук карызы бар 9 миң абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. «Түндүк электр» ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр болот, төлөм тууралуу билдирме «Түндүкэлектрдин» маалымат базасына ошол замат түшөт.