Кыргызстанда 20-25-июлда ченемден тыш ысык аба ырайы күтүлүүдө

20-25-июлга чейин республиканын аймагында кургак жана ченемден тыш ысык аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Абанын күндүзгү температурасы:

🔸️Чүй өрөөнүндө +36…+41°,

🔸️Талас өрөөнүндө +34…+39°,

🔸️Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +37…+42º,

🔸️тоо этектеринде +34…+39°,

🔸️Суусамыр өрөөнүндө +27…+32º,

🔸️Ысык-Көл ойдуңунда +29…+34°,

🔸️Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +31…+36º,

🔸️Тоолуу райондорунда +24…+29° ысык болушу күтүлүүдө.

«Жогорку кан басым жана жүрөк оорусу бар адамдардын айрыкча сак болуусу сунушталат. Ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн, күндүз күн түз тийген жерлерде көпкө жүрбөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат»,- деп айтылат маалыматта.