Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин «Манас» эпосунун негизиндеги көрсөтүүгө келди

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун музейине барып, «Манас» эпосу боюнча коюлган көрсөтүүнү көрдү. Бул тууралуу кытай басылмалары жазышты.

«Улуттук маданий мурастарды коргоого көңүл бурулуп келет. “Жангар”, “Гесар падыша жөнүндө”, “Манас” биздин улуттук жетишкендик. “Манас” эпосу ишенимдүү корголуп, муундан муунга өтүп, өнүгүшүн каалайм”, — деди Си Цзиньпин.