
Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графигин бекитти.
— I туру — 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;
— II туру — 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;
— III тур — 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;
— IV туру — 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;
— V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.
Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек. Эгер бош орундар калган болсо, 22-23-24-августта окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.
Белгилей кетсек ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрү «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.