Ысык-Көл облусунда кыз ала качуу фактысы катталды

Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-июлда милицияга 1965-жылы туулган Д.Х. аттуу жаран кайрылган. Арызда 11-июль күнү саат 08.00дөр чамасында Чүй облусунун Кара-Балта шаарына Түп районунун айылдарынын биринен 16 жаштагы кызды өз каалоосуна каршы ала качып кетишкени маалымдалган. Бул арыз Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук маалымат журналына катталган.

«Милицияга арызды кызды ала качкан жигиттин атасы жазган. Кыздын ата-энеси ала качуу боюнча арыз жазуудан баш тартып, кызынын айланасында ызы-чуу салбоосун суранышты.

Кыз жашы жете элек болгондугуна байланыштуу керектүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Учурда ала качкан кыз өз үйүнө алынып келинүүдө. Кыз келген соң ата-энесинин катышуусунда сурак уюштурулуп, тийиштүү чечимдер кабыл алынат», — деп билдиришти милициядан.