“Ак-Кеме” мейманкана комплексинин жооптуу адамдары кармалды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго караштуу “Объектилерди башкаруу дирекциясы” мамлекеттик ишканасына караштуу “Ак-Кеме” мейманкана комплексинин жооптуу адамдары тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун (ММБФ) балансында турган мамлекеттик ишканалардын ишин талдоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча,  ММБФга караштуу “Объектилерди башкаруу дирекциясы”  мамлекеттик ишканасынын (“Дирекция” МИ) жана “Дирекция”  МИ караштуу “Ак-Кеме” мейманкана комплекси филиалынын (“Ак-Кеме” МК) кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик мүлктү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү менен натыйжасыз пайдалануу,  анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени боюнча маалыматтар алынган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында “Ак-Кеме” МК ишмердүүлүгүн текшерүү актысына ылайык, мамлекеттик бюджетке 7 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген жетекчиликтин атайылап 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейинки аралыкта чет элдик студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын мыйзамсыз төмөндөтүп бергени аныкталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө “Ак-Кеме” МК мурдагы жетекчиси Т.Б. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылды»,-деп айтылат маалыматта.