Баткенде “Нелегал-Трафик” операциясы жүргүзулдү

Баткен облусунда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан “Нелегал-Трафик” операциясы жүргүзулдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, операция 7 күнгө созулуп, уурулук боюнча 2 факт, опузалап акча талап кылуу боюнча 1, диний экстремисттик материалдарды таратуу боюнча 1,  мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча 1 фактынын бети ачылып,  шектүү катары кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми Баткен облусунда жүргөн чет элдик жарандарга мамлекеттин мыйзамын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди. Кыргызстанда белгиленген тартипти бузган чет өлкөнүн 9 атуулуна протоколдор толтурулуп, айып пул салынды.

“Нелегал-Трафик” операциясына облус аймагындагы ыкчам кызматкерлер жана кызматтык автоунаалар тартылып, облус аймагындагы мечиттер, базарлар, автобекеттер, мейманканалар жана шахталар текшерилип чыкты.