Кадамжай районунда 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды

Кадамжай районунда 4,5 тонна жапайы кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен облус аймагында «МАК — 2022» иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп, жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып барууда.

«Кадамжай шаарынын Каңды, Үч-Коргон айылынын Боз аймагындагы талаа жана үлүш жерлерде жапайы өскөн 4,5 тоннага жакын кара куудай жок кылынды»,-деп айтылат маалыматта.