ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алгандардын саны өзгөргөн жок

24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы боюнча алтын сертификат алгандардын саны өзгөргөн жок. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, III этапка Бишкектен 795, Оштон 236 абитуриент катышты.

Белгилей кетсек, быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл алып, алтын сертификатка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Эң жогорку 235 баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды.

235тен 221 баллга чейин упай топтогондордун эң көбү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, алардын саны 35ти түзөт.

Ысык-Көл облусу — 5,

Чүй облусу — 4,

Ош облусу — 4,

Ош шаары — 3,

Баткен облусу— 3,

Нарын облусу — 2,

Жалал-Абад облусу — 1

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө үч турдун жыйынтыгы менен жалпы 51миң 185 абитуриент катышты.