Көлдө үрөй учурган кырсык катталды

2022-жылдын 4-июль күнү саат 19:25 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 28-чакырымында Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда Бишкек шаарынын тургуну 2004-жылы туулган М.А. өзүнүн Тойота-Эстима унаасы менен күн батыш багытында бара жатып, рульга ээ боло албай жолдун карама-каршы багытында келе жаткан Чолпон-Ата шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Э.Ж. башкаруусунда Хонда-Одиссей унаасы менен кагылышкан.

WhatsApp Image 2022 07 05 at 07.59.30 2 Көлдө үрөй учурган кырсык катталды

Натыйжада: Тойота-Эстима унаасынын жүргүнчүсү 2015-жылы туулган М.Д. (өспүрүм) жана Хонда-Одиссей унаасынын жүргүнчүсү 1953-жылы туулган Ж.А. (аял киши) алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми Тойота-Эстима унаасынын айдоочусу 2004-жылы туулган М.А.; жүргүнчүлөрү:

1979-жылы туулган М.Д.; 2009-жылы туулган М.А.; 2004-жылы туулган М.И.; Хонда-Одиссей унаасынын айдоочусу 1978-жылы туулган Э.Ж.; жүргүнчүлөрү Ош шаарынын тургундары 1991-жылы туулган А.Э.; 1987-жылы туулган Э.К. ар кандай жаракаттары менен Балыкчы шаардык ооруканага жеткирилген. Бул окуя Ысык-Көл РИИБде катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып тергөө иштери жүрүүдө.

WhatsApp Image 2022 07 05 at 07.59.30 1 Көлдө үрөй учурган кырсык катталды
WhatsApp Image 2022 07 05 at 07.59.30 Көлдө үрөй учурган кырсык катталды


КР ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы