Теңгиз Бөлтүрүк ӨКМдин «Аскердик жарандык кызматташтыгын чыңдаганы үчүн» медалы менен сыйланды

Бүгүн, 1-июлда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Аскердик жарандык кызматташтыгын чыңдаганы үчүн» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Медалды Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өзү тапшырды. Ал «Кумтөр» компаниясы тарабынан өзгөчө кырдаалдарда калкты жана аймактарды коргоо жана Кыргыз Рес‎публикасынын ӨКМге коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда көрсөткөн жардамы үчүн Теңгиз Бөлтүрүккө ыраазычылык билдирди.