Салык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жатат

Бүгүн, 1-июлда, Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы кыргыз мамлекеттик филармониясында КР салык кызматынын кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жатат.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде көрсөтүлүүдө.