Шайлообек Атазов: Аэропорттор тышкы башкарууга берилбеши керек

Аэропорттор тышкы башкарууга берилбеши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, аба майдандар стратегиялык маанидеги объекттер болуп саналат

«Бул жерде тышкы башкаруу эмес, реконструкциялоо боюнча маселе. Кандай болгон күндө дагы Бүткүл дүйнөлүк банктын эрежелери менен ачык конкурска катышуусу керек болчу.  «Манас» жана «Ош» аэропортторун жең ичинен сүйлөшүлгөн компания менен оңдоп-түзөөдөн өткөргөн туура эмес»,-деди депутат.