Токмок шаарында 3 киши кудукка түшүп, бирин-бири куткарам деп каза болду

Чүй облусунун Токмок шаарында 3 киши кудукка түшүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алар курулуш материалдарын саткан короонун ичинде кудук казып жатышкан.

Белгилүү болгондой, кудук казуу иштерин 5 эркек киши жүргүзгөн. Казып жаткан учурда кудуктун ичиндеги жаранга аба жетпей кулап калган. Аны алып чыгам деп экинчиси кудукка кирип, ага да аба жетпей калган. Дагы бирине аба жетпей, ал дагы кудукта калып кеткен.

Кырсык катталган жерге 5 куткаруучу, милиция жана “Тез жардам” кызматы чакыртылып, жабыркаган жана каза болгон адамдарды 18 метр терең болгон кудуктан чыгарышкан.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болду. Алар 1980-жылы туулган Х.Т., 1982-жылы туулган Х.М., 1987-жылы туулган Х.К. Ал эми 1989-жылы туулган Х.Н. жана 1999-жылы туулган Х.С. жабыркаган.

Жабыркаган жарандарды “Тез жардам” кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Маалыматка ылайык, кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метрди түзөт. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизель майынын жыты пайда болгон.

Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.

whatsapp image 2022 06 27 at 08 55 59 Токмок шаарында 3 киши кудукка түшүп, бирин-бири куткарам деп каза болду
https://www.super.kg/kabar/news/411371/?fbclid=IwAR2rnvgakNwxn_JXyfylXwgXXe79bwfTkjn82TYmlxasW-n4BgTAWxrMPa8