Сапар Исаков министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго жооп берди

Качып жүргөн экс-премьер-министр Сапар Исаков министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго жооп берди. Фейсбук баракчасына экс-чиновниктин атынан билдирүү жарыяланды.

Билдирүүнүн текстин толугу менен беребиз:

Жогорку Кеңеште Матраимовдорго жана башка ууруларга мыйзамсыз тапкан акчаларын жана турак-жайларын легалдаштырууга мүмкүнчүлүк түзө турган шерменде мыйзам долбоору талкууланууда.

Муну менен бирге парламентте Матраимовдун көздөй кишисинин шыкактоосу менен менин Москвада кайсы бир ресторанды куруп жатканым туурасындагы ушак кепти кошо талкуулай башташты. Премьер Акылбек Жапаров болсо мага карата чыккан соттук чечимдерди эске салууда, кыязы, мени да кандайдыр бир мүлктү мыйзамдаштырып алат деп абдан кабатыр болуп жатса керек. Мен А. Жапаровдун көңүлүн тынчытып коеюн: мага силердин мыйзамыңарды колдонуунун кажети жок, анткени менде рестораным, медициналык клиникаларым же базарларым эч качан болгон эмес, андай мүлкүм дегеле жок. Колуңардан келсе менин бизнесимди таап, элге көрсөткүлө! Андай колуңардан келбейт, анткени андай бизнесим жок, бир сом уурдаган да эмесмин.

Бир кезде менин «байлыгымды» издеп абдан аракет кылган Сооронбай Жээнбеков да таба алган эмес, УКМКнын кызматкерлери ошол кезде алтургай чет өлкөлөрдөн да издешкен, ар кайсы өлкөлөргө суроо талап жөнөтүшкөнү менен эч нерсе таба алышкан эмес! Ал эми Акылбек Жапаровдун канча мейманкалары, үйлөрү жана башка байлыктары бар экенин бүт өлкө билет. Башкасын айтпаганда да, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам кайсы акчасына жеке мейманкана курууга жетишкен?

Мен азыр сотко бара албайм, анткени сот адилет боло албайт, УКМКнын СИЗОсундагы кечеки өлүмдөрдөн кийин менин эмне үчүн сотко бара албай турганымды ар бир адам түшүнөт деп ойлойм. Бирок мен өлкөдө эмне болуп жатканына көз салып турам. Эмне болуп атканын эл да байкап турат. Чыныгы уурулар мыйзам алдында жооп бере турган мезгил албетте келет, жакынкы күндөрү. Арам кумаркананы адалдаштырып, адал дегендердге жол болсун.

Ошол себептен урматтуу бийлик, элибиздин башын айлантып, калп маалыматтарды берип дезинформация кылбай. Такталган маалыматтарды таратып, колуңардан келген ишти айткыла мага асылбай.