Мамкадр кызматынын пара алып жаткандагы видеосу

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө түзүлгөн коррупциялык схеманы аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-июнь күнү УКМК Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси С.Ж.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган кызматкердин мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундары жана муниципалдык кызмат орундары үчүн улуттук кадрлар резервине талапкерлерди каттоо маселелери менен системалык түрдө ири өлчөмдө пара алып жүргөндүгү аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза Кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүмүнө (Пара алуу) ылайык кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык системасына катталды. Айыпталуучу УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.