Садыр Жапаров Озонниа Ожиелону «Даңк» медалы менен сыйлады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиелону Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана COVID-19 глобалдык пандемиясы учурунда эл аралык жардамды уюштуруудагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлык – «Даңк» медалы менен сыйлады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлыкты КР президентинин тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы республикага туруктуу өнүгүү, адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, терроризмге жана зомбулук экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү маселесинде олуттуу жардам көрсөткөн БУУ органдарына ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандагы БУУ тутумунун туруктуу координатору Озонниа Ожиело өз кезегинде КР президентине жогорку мамлекеттик сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын эли, ал жердеги жошоосу жана аткарган кызматы жүрөгүндө сакталаары тууралуу билдирди.

Озонниа Ожиело Кыргызстандагы өзүнүн дипломатиялык миссиясын аяктоодо.