Мектепте бир канча окуучу балдарды тизип алып, агайдын сабап жаткан видео тарады

Мектепте бир канча окуучу балдарды тизип алып, агайдын сабап жаткан видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан. Мындан улам фейсбук колдонуучусу өзүнүн баракчасына видеону жүктөп, оюу менен бөлүштү.


«Бала, миң тартип бузса дагы, мугалим минтип тизип алып, басмырлап, сабаганга укугу жок. Биз деле ушинтип тарбияланганбыз деген заман эчак эле өткөн, кеткен. Тарбия- билим берүү, мээрим менен сый-урматка жетүү колуңан келбейби, ата-энесин чакырт»…
«Жанындагы кайдыгер өтүп бара жаткан жана карап турган мугалимдер, өзүнө окшош кайдыгер муунду тарбиялайт».

«Менин балама кол көтөрүлгөнүн көрүп же угуп калсам, колуна өлүп бермекмин»…


«Ачуум келди. Өсүп келе жаткан муун, жалтак, сыйы жок деп эртең менен айттым эле. Кайттым ал ойумдан. Күнөө өзүбүздө»…

Эске салсак, буга чейин да мектеп жана бала бакчада балдарды сабоо жолу менен тарбиялоо бир топ сынга кабыл алынган.