
Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти
Маалыматка ылайык, 19-июнда Кемин райондук милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, анын кошунасы бир нече күндөн бери үйүнөн көрүнбөй калгандыгын билдирген. Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барып, үйдөн 1992-жылы туулган Б.С. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.
Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин киши өлтүрүү беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
«Жогорудагы кылмышка шектелип, маркумдун аталаш агасы 1979-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайыга камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.