“Ак-Ордо” конушунун тургундары ууру делген адамды кармап, электр мамыга скотч менен таңып салышты

20-июнь күнү Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагынын Ак-Ордо конушунун тургундары ууру деп шек санашкан адамды кармап, электр мамыга таңышкан. Бул тууралуу социалдык тармакка видео тарады.

Ал видеодо жашоочулар бир нече мүлкүн уурдатышканын айтышты. Бүгүн колго түшкөнүн кишиге чапталып турган кагаз да тастыктайт. Чогулгандар анын кайсы жерден экенин айттыртып, буту-колун сындырыш керектигин да айтышкан. Алар анын паспортун алып, аты “Файзиддин” экенин айтышкан.

Таңып алып шылдыңдап, ызырынып жаткан үндөрдү угууга болот.

Милициядан билдиришкендей, ууру тууралуу эч кандай арыздар болгон эмес.

MyCollages 20 "Ак-Ордо" конушунун тургундары ууру делген адамды кармап, электр мамыга скотч менен таңып салышты