Айнура Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындал

Айнура Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалып, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Буга чейин бул бөлүмдү Назгүл Лосникова жетектеп келген.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Таалайгүл Темирканованы Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун жаңы жетекчиси кылып дайындады.

img 20220620 Айнура Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындал