
Профсоюздар федерациясынын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Депутаттык комиссияны түзүүнү «Ата Журт Кыргызстан» жана «Ынтымак» партиялары демилгеленген.
Комиссиянын курамына кирген депутаттар:
- Айбек Осмонов;
- Чынгыз Ажибаев;
- Руслан Жакышов;
- Балбак Түлөбаев;
- Алишер Эрбаев;
- Нилуфар Алимжанова;
- Замирбек Мамасадыков;
- Шайлообек Атазов.