Ошто адам өлтүрүүгө аракет кылган үчүн мурдагы милиционер кармалды

Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал 2021-жылдын 17-октябрында бейтааныш адам ишенимге кирип, андан Toyota Camry жана Lexus GX470 үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Кийинчерээк ал киши унаасын башка адамдарга сатып жибергени белгилүү болгон.

Бул факты боюнча «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.

Милиция шектүүнүн өздүгүн тактады. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 25 жаштагы М.А. экен.  Ал үч жолу соттолуп, азыр Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы шектелип жатат.

М.А. аттуу адам мурда милиция кызматкери болуп иштегени аныкталган. Кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция шектүүнүн аракетинен жапа чеккендер 0322266402, 0700505037 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранышат.